• 87.86
  • 93.94
  • 1

УКМК "Дөкү" каймана аттуу Өзгөн районунун тургунуна издөө жарыялады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Дөкү" каймана аттуу Өзгөн районунун тургуну Д. Ормоновго издөө жарыялады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Д.Ормонов алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу аркылуу жеке баюу максатында жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 23-майында УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

25-майда Ош шаардык соту Д.Ормоновго карата баш коргоо чарасын сыртынан тандап, ошол эле күнү ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

"Д.Ормоновдон жабыркагандар болсо УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына же (03222) 7-00-09 телефон номуру аркылуу кайрылууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий