• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кызыл-Кыяда жаш өспүрүмдөрдү коркутуп, телефондорун тоноп жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөрдү коркутуп телефдорун тоноп жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Притон” оперциясында Кызыл-Кыя шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн кол телефонун коркутуу жолу менен тартып алып жүргөн жаран кармалды.

Шаар аймагындагы 2 ата-эне балдарынын кол телефонун белгисиз атуул коркутуп тартып алып койгондугун билдирип арыз менен кайрылган.

Жогорудагы 2 факт Кызыл-Кыя ШИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 20 жаштагы Т.Б. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тонолуп алынган кол телефондор өз ээлерине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий