• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Атада үч жашар өгөй кызын уруп-сабоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Ысык-Атада 3 жашар өгөй кызын уруп-сабоого шектүү жаран кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 29-апрелде саат 14:20 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата аймактык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда Буденовка айылынын 3 жаштагы Р.Н. аттуу тургуну денесинен ар кандай жаракаттары алып, ооруканага түшкөндүгү айтылат.

Аталган факт Ысык-Ата райондук милициясына катталып, КР КЖКнын 138-беренесинде көрсөтүлгөн (Уруп-сабап кыйноо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Р.Н. аттуу кызды өгөй атасы 1996-жылы туулган М.Р. аттуу жаран уруп-сабагы аныкталган.

Натыйжада М.Р. аттуу жаран КР КЖПКнын 96-беренесинин талаптарына ылайык, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий