• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузактагы кырсык. Райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

Алардын ичинен Сузак РИИБнин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий