• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө ШКУ марафону болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Run the Silk road” эл аралык ШКУ марафону болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чаранын алкагында марафон - 42,19 чакырым, жарым марафон - 21,97 чакырым, 10 чакырым, 3 чакырым аралыкка чуркоо, ошондой эле скандинавиялык басуу жарыштары орун алды.

Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышты.

Ииш-чараны өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт тарабынан 11 млн сом бөлүнгөн. 42,2 чакырым жана 21,1 чакырым аралыктарындагы абсолюттук зачёттогу жеңүүчүлөр үчүн байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Маалымат үчүн: 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий