• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Таласта Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. 4-9-май күндөрү Райкан Алканов атындагы ат майданында (Талас шаары) Жеңиш күнүнө карата Сүймөнкул Чокморовдун жана Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары өтөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, көк бөрү, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер болот.

Мындан тышкары, ат оюндарынын алкагында Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында ат чабыштын түрлөрү уюштурулат.

Иш-чараны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү, аргымак, салбуурун, эр эңиш федерациялары уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий