• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекке Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы келди

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстанга бүгүн Шанхай шаарынын Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сюй Ефэн баштаган Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы келди.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытайдан келген делегация менен жолукту.

Тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кытай делегациясына ИИМдин Ыкчам башкаруу борборунун иши көрсөтүлдү, ал аркылуу интеллектуалдык камералар өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында адамдар көп топтолгон жерлердеги кырдаалды онлайн режимде көзөмөлдөшөт.

Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов Кыргызстандын ИИМ менен Кытай ККМнын ортосундагы кызматташтык бүгүнкү күндө ийгиликтүү өнүгүп жатканын, тактап айтканда биздин чек ара аймактарыбыздын өз ара аракеттешүүсү бекемделгенин белгиледи.

Сөзүнүн аягында ИИМдин башчысынын орун басары пайда болуп жаткан коркунучтарга каршы күрөшүүдө конструктивдүү биргелешип иштөөгө жана кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү туурасында маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий