Лейлекте 7 кг баңгизат менен коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Лейлек районунда баңги затын ташып, сатып жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул утуралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө карышу күрөшүү кызматынын кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте Лейлек районунда Тажикстанстандан Баткен облусунун аймагына баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Ошентип, 22-апрель күнү саат 23:10 чамасында атайын тергөө иштерин жүргүзүүдө Лейлек районундагы Жаштык айылынын жакын Худжант-Ганибадам унаа жолунда коңшу өлкөнүн 1995-жылы туулган Ж.Э. аттуу жараны кармалган.

Атайын тергөө иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 1995-жылы туулган Ж.Э. жаранынан кара полиэтилен пакеттерге оролгон жана сары скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү 14 брикет табылган жана алынган. Таңгак менен алынган заттын жалпы салмагы 7 кг 734 гр түздү.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар Ооганстандан чыккан "гашиш" баңгизаты экенин аныкталды.

Азыркы учурда 1995-жылы туулган Ж.Э. аттуу шектүү Ош ОИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий