• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Эмне үчүн тилсиз жоонун көпчүлүгү түндө болгон? ИИМдин жообу

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 14 ири өрт катталган, алардын 8и базарларда жана “Арзу”, “Супара” ресторандарында болгон. Дээрлик катталган өрттөрдүн бардыгы түн ичинде болгон.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМ өкүлдөрү билдиришкендей, өрттөрдүн келип чыгуусундагы ар кандай версияларды четке кагышпайт, бирок бул кырсыктардын бардыгы бири-бири менен байланышы бар жана саясий же криминалдык мүнөзгө ээ деп айтууга – азырынча эрте.

Эмне үчүн ири өрттөрдүн бардыгы түн ичинде катталган деген суроого КР ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов күндүзгү убакта деле өрт боюнча фактылар катталгандыгын билдирди.

“Түн ичинде болгон өрттү күндүзгүгө салыштырмалуу өз убагында байкап калуу кыйла татаал. Жалын күч алганда гана элдер коңгуроо кагышат, өрттү өз алдынча чектөөгө алуу кыйын болуп калат”, - деп билдирди Утемисов.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Бишкектеги Ош базарында катталган өрттөр боюнча да кеп болду.

“Техникалык коопсуздукту көзөмөлгө албагандыгы үчүн Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерине карата прокуратура кылмыш иши козгогон”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий