УКМК: Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген пакистандык жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген пакистандык жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте 20-майда саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистандын 6 жараны кармалды.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган чет өлкөлүк жарандар КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий