• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Кеминде салыкчылар пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Кеминде салыкчылар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 28-августта КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий