• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Автоураган" Ош шаарында. Үч саатта 14 унаа айып короосуна киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Ош шаарында үч саат ичинде ар кандай жол эрежесин бузган 14 автоунаа айып короосуна киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айып бузган автоунаалар "Автоураган" аппараттык комплекси менен өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында аныкталган. Көпчүлүгү айыппулун өз убагында төлөбөгөн, издөөдө жүргөн жана айдоочунун наамынан убактылуу токтотулган автоунаалар.

“Автоураган” рейддик иш-чарасы Ош шаарында 2-сентябрга чейин уланат. Рейддин башкы максаты коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий