• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Ноокаттагы жаңы ачылган бир катар бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районундагы бир катар быйыл жаңы курулуп иштетүүгө берилген бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач Акылбек Жапаров Зулпиев айыл аймагындагы “Кашкалдак” бала бакчасына барды. Заманбап бардык шарты менен курулган бала бакча 120 балага ылайыкташып, жергиликтүү 27 адам жумуш менен камсыз болгон. Курулуштун жалпы суммасы 43 млн сомдон ашуун.

Андан соң Кара-Таш айыл аймагындагы “Бүрабия эне” бала бакчасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал үчүн 55 млн сом жумшалган. Мында 3 жаштан 6 жашка чейинки 100 бала кабыл алынат. Бул айыл аймактын калкынын саны 16 миңден ашуун.

Быйыл жаңыдан курулуп иштетүүгө берилген бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштаарын жана мындай заманбап бала бакчаларды куруу иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий