• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта психикалык оорулууларга айдоочулук күбөлүк алууга мыйзамсыз медсправка берилген

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Психиатриялык жана наркологиялык каттоодо турган адамдарга айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн мыйзамсыз түрдө медициналык справка берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас облусунун Манас жана Айтматов райондору боюнча Дарыгерлер борборунун айрым кызматкерлери тарабынан психиатриялык жана наркоманиядан дарылануу үчүн каттоодо турган адамдарга мыйзамсыз медициналык справкаларды берүү фактылары аныкталды.

Такталгандай, Манас жана Айтматов райондорунун медициналык мекемелеринде диспансердик каттоодо турган О.А.А., К.Х.И., А.Н.А., А.Б.Н. аттуу жарандар медициналык корутундунун негизинде айдоочулук күбөлүк алышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") боюнча кылмыш иши козголуп анын алкагында Манас жана Айтматов райондорунун медициналык борборунда тинтүү жүргүзүлүп, айрым медициналык кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар алынган.

Учурда жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтары болсо 0312-66-04-75 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий