• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто куралдуу каракчылыкка жана терроризмге шектүү 11 адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Ош шаарында экстремизм-терроризмге шектүү 11 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен кармалган. Алар ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектелүүдө. жарандарды кармады.

"Жалпысынан 11 адам кармалып, 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган 9 адамдын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшүү үчүн издөөдө болгон. Алар жашаган үйлөрдөн бир нече куралдар, жарылуучу заттар, бронежилеттер жана ок-дарылар алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий