Баткенде айыл чарба техника тетиктерин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Баткенде айыл чарба техникасынын жана жеңил унаа тетиктерин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Кадамжай районунун аймагында У.М.У. аттуу жарандын башкаруусунда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай жүк ташуу документтери, анын ичинде бажыга тиешелүү документтери жок, жалпы салмагы 973,25 кг болгон айыл чарба техникасынын жана жеңил унаалардын тетиктери табылган.

Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 378 миң 870 сомду түздү.

Ушундай эле фактМ.А.К. аттуу жарандын башкаруусунда Toyota Previa үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда да аныкталган.

Аталган жарандын унаасынан Өзбекстандан чыгарылган, жалпы салмагы 1479 кг болгон, эч кандай жүк коштоочу документтери жок айыл чарба техникасынын тетиктери табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 446 миң 800 сомду түздү.

Аталган фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү жана караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Баткен облусунун прокуратурасына берилген.

Пикир

Оставить комментарий