• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Таласта 9,5 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду

Аймак 0


Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Талас районунун Ак-Калпак айылындагы рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майды (дизель отуну) мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан жалпы көлөмү 9,5 тоннага жакын дизелдик отун майы табылды.

Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз жүгү бар транспорт каражаты айып короо жайына токтотулду.

Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо активдүү иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий