• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде Карылар күнүнө карата 150 карыяга сый тамак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Баткен шаарында 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата Социалдык фонд тарабынан облус аймагында 150 карыяга сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, улгайган ата-апаларды президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер куттуктап, аларга бекем ден соолук, узак жана бакубат жашоо, дөөлөттүү карылык каалашты.

Майрам ээлерине жергиликтүү таланттар тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Соңунда карыялар жергебизге тынчтык, элибизге аманчылык, өлкөбүзгө өнүгүү каалап батасын беришти.

Белгилей кетсек, президентинин өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2023-жылдын 20-сентябрынан 20-октябрына чейин улгайган адамдарга кам көрүү, колдоо көрсөтүү боюнча бир айлыгын жарыялоо жөнүндө буйругу чыккан.

Ага ылайык жер жерлерде улгайган адамдарга кам көрүү, материалдык жана моралдык колдоолорду көрсөтүү, муктаждыктарын жеңилдетүү, ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү иш чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий