• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы башталды

Аймак 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Бүгүн, 25- июлда Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IX сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кезектеги сессиянын күн тартибине алты маселе коюлган. Алар:

  1. Жылуулук-энергетикалык компекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө;
  2. Ош шаарындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө;
  3. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө;
  4. Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин кароо;
  5. Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилекелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө;
  6. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий