• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 3 айлык ишембилик жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 3 айлык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3 айлык ишембилик Жалал-Абад шаарынын аймагын, айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругуна ылайык, 2022-жылдын 26-февралынан тартып 1-июнуна чейин жарыяланды.

3 айлыктын алкагында шаардагы эс алуу жайларына, сейил бактарга, аллеяларга, көчөлөрдүн четине, административдик имараттардын айланасына дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулат. Мындан сырткары, шаар көчөлөрү, тротуарлар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жол четиндеги турак жайлар актап-сырдалып, сел каналдары тазаланат.

Пикир

Оставить комментарий