• 87.86
  • 93.94
  • 1

УКМК: Баасы 700 млн сомдук "Ак-Тилек" базары мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. "Ак-Тилек" кооперативинин каржылык-экономикалык ишмердигинде өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан "Ак-Тилек" соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды.

Жыйынтыгында, "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 млн сомдон ашкан "Ак-Тилек" базарын КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий