• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий