• 87.86
  • 93.94
  • 1

Президент: 1-октябрдан тартып пенсиянын минималдык көлөмү 6800 сомдон кем эмес болот

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. “Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес өлчөмдө болот”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчыбыз жарандарыбыз жашы улгайып, кутман куракка келген кезде жакырчылыкка туш болуп, ар бир тыйынды санап, баарын үнөмдөөгө аргасыз болгону кыжырданткан абалга кептелгенин айтып өттү.

“Пенсия курагында татыктуу өмүр сүрүүгө каражаты жол бербей турганы – бул акыйкатсыздыктын акыйкатсыздыгы десек да туура болот. Так ушул себептен 2021-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, пенсия менен жөлөк пулдар жашоо шартын камсыздандыруу минимумунан кем болбошу керек деген пунктту киргизгенбиз”, - деп президент баса белгилеп, ушул жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес өлчөмдө болоорун айтты.

“Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз. Жакында эле томолой жетим балдар үчүн 500 миң сомдук “Келечекке салым” балдар аманатын ишке киргиздик. Ар бир томолой жетим 18 ге чыкканда колдоруна 500 миң сомдон алат. Бул каражатты балдар билим алуу максатында жана ипотека алуу үчүн баштапкы төлөм катары колдоно алышат”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мамлекет бул маселени эч качан көңүл сыртында калтырбайт.

“Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын социалдык кызматкерлердин жаңы 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирем. Балдардан үнөмдөөгө акыбыз жок дегенибиздей эле балдар менен иштей тургандардын штаттык бирдигин дагы көбөйтөлү деп жатабыз”, - деп, президент жарандарды балдардын тагдырына кайдыгер карабоого чакырды.

“Эгерде кайсы бир баланын кыйынчылыкта, турмуштук оор кырдаалда турганын көрсөк – мамлекеттик социалдык органга кабарлайлы, кайдыгерлик кылып басып кетсек, кейиштүү абалга туш болорун унутпайлы. Бул ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, өлкөнүн ар бир мекенчил жаранынын милдети деп эсептейм. Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет, - деди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий