• 87.86
  • 93.94
  • 1

Баткен облусунда III Эл аралык туристтик көргөзмө өттү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунда III ирет уюштурулуп жаткан IBTE фестивалы "Көчмөндөрдүн тамак ашы", "Айгүл", "Баткен күрүчү", "Килем" көргөзмө-жарманкелери менен башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарада аймакта өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, табигый азык-түлүктөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кайра иштетүү жана жеңил өнөр ишканалары өндүргөн продукциялар коюлду.

Өзгөчө малинадан жана күрүчтөн жасалган токоч, дары чөптөрдөн жасалган самын, бак дарактардын тамырынан жасалган сувенирлер, боексуз токулган килемдер, көчмөндөрдүн улуттук тамак-аштарынын жүздөгөн түрү келген коноктордун көңүлүн бурду.

Иш-чаранын рассий бөлүгүнө резиденттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова, Англиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер, Россия жана Өзбекстандан келген коноктор катышты.

Жетекчилер Баткен облусунун туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөр, алгачкы натыйжалар тууралуу сөз сүйлөп, өтүп жаткан иш-чара Баткен облусунун туризм тармагын өнүктүрүүгө зор өбөлгө болот деп белгилешти.

Андан соң жалпы катышуучулар "Баткен областында туризмди туруктуу өнүктүрүү" темасында тегерек столго чогулушту.

Анда облустун жана ар бир район-шаардын туристтик потенциалы тууралуу баяндамалар жасалып, туризмди өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль облуста үчүнчү ирет өтүп жатат, буга чейин эки ирет облус борбору Баткен шаарында өткөн. Быйылдан тарта аталган иш-чара жыл сайын облустун ар башка район шаарында кезеги менен өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, акыркы үч жылда туризм Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары каралып, бир катар тарыхий жана өзгөчө кооз жаратылыш аймактары туристтер үчүн эшигин ачты.

Алсак уникалдуу, түркүн түстүү Мадыген геопаркы түзүлүп, аймактагы Кан-И-Гут үңкүрү, байыркы от казандар, деңиз калдыктары туристтерди өзүнө тартууда. Ошондой эле Дугаба альпинисттик базасы, Асан-Үсөн чокусу альпинисттердин кызыгуусун арттырууда.

Учурда Баткен облусунун туризм боюнча логотиби жана туристтик картасы иштелип чыккан. Ошондой эле туристтерди кабыл алып, кеңеш берүүчү борбор, байкоо аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий