• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкектеги түнкү башаламандык. УКМК чагымчыл видеону тараткандарды аныктады

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана деструктивдүү саясий күчтөрү тарабынан чагымчыл видеоролик даярдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видеоролик Кыргызстандын аймагында кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин бийликти күч менен басып алуу максатында даярдалгандыгы аныкталды.

"Видеону даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, учурда алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, ошондой эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана аларга катышууга багытталган аракеттер үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий