• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө аймактык-административдик реформанын алкагында талкуу өттү

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүндө аймактык-административдик реформанын алкагында талкуу өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, ведомствонун кызматкерлери менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

“Президент Садыр Жапаровдун саясий эркин коштогон жарлыктарынын негизинде көп жылдан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келген аймактык-административдик реформа Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлүүдө”, - деди өз сөзүндө Кудайберген Базарбаев.

Андан соң агентиктин тийиштүү кызматкерлери аймактык-административдик реформа, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, санариптештирүү боюнча аткарылган иштер жана пландар боюнча катышуучуларга презентация жасашты.

Пикир

Оставить комментарий