• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто жакында алгачкы IT-мектеп ачылат - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн IT-мектеп менен таанышты. Мэр технология, илим өнүккөн заманда IT-мектеп Ош шаарына керек экенин айтып, колдоого алганын билдирди.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, мэрия шаардагы алгачкы IT-мектептин имаратын оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүп берген. Демилгени эл аралык уюмдар да колдоого алып, техника жактан жардам көрсөтмөкчү.

IT-мектепте Java, JavaScript, PHP, HTML/CSS, C#, C++ сыяктуу программалоо боюнча курстар болуп, тажрыйбалуу программистер окутат.

Мектеп жакынкы күндөрү ишин толук баштайт.

Пикир

Оставить комментарий