• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров Ирандын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, тик учактын күтүүсүз кыйрашынан улам Ирандын президенти Эбрахим Раиси, ошондой эле бир катар башка жогорку даражалуу расмий адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Иран элине көңүл айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы дипломатиялык өкүлчүлүктө ачылган көңүл айтуу китебине чын жүрөктөн тилектештик жана колдоо сөздөрү жазылган кол тамгасын калтырды.

Акылбек Жапаров курман болгондордун элесине гүл коюп, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голамхоссейн Ядегари менен болгон кыскача баарлашуу учурунда Иран элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий