• 87.86
  • 93.94
  • 1

ИИМ: Чет элдик студенттерге кол салуу боюнча 9 кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин "ИИМ болуп өткөн окуяларга өз убагында аракет кылган жок" деген дооматы чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан 13-майдын түнүндө А.Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуя тууралуу чакырык түшкөн соң өз убагында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Бул факты өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, процессуалдык чечим кабыл алынган.

"Андан сырткары, 18-майына караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенет. Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат", - деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 18-майында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган.

ИИМден билдиришкендей, ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок, буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтарында 9 кылмыш иши козголгон, анын ичинде бейбаштык — 3, тоноо — 1, каракчылык — 1, массалык башаламандык — 3, расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоо — 1. Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 10 жаранга (6 Кыргызстандын жаранына жана 4 чет өлкөлүк жаранга) айып тагылган.

ИИМ коомго каршы мыйзамсыз аракеттердин бардык катышуучуларын, чет өлкөлүк жарандарды тоноого жана сабоого тиешеси бар адамдарды аныктоону улантууда. Алардын эч кимиси жазадан кутула албайт.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган окуялардын бардык жагдайлары кылдат иликтенет.

Пикир

Оставить комментарий