• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жээнбек Кулубаев Ирандын элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, достук жана бир тууган Иран президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Амир Хоссейн Абдоллахиян, ошондой эле Ирандын бир катар көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери тик учактын кулашынан улам курман болгонуна байланыштуу ачылган Көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

Анда Жээнбек Кулубаев ирандык кесиптеши Амир Хоссейн Абдоллахиян Ирандын эл аралык аренадагы ролун жогорулатууга, ошондой эле кыргыз-иран эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү жана тажрыйбалуу дипломат болгонун белгиледи.

Тышкы саясат министри Иран элине чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге Абдоллахияндын үй-бүлөсүнө, ошондой эле анын жакындарына жана туугандарына сабырдуулук тилеп, орду толгус жоготуулардын оор саатында колдоосун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий