• 87.86
  • 93.94
  • 1

"Манас" аэропортундагы бомба тууралуу билдирүү тастыкталган жок — милиция

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок, аэробекет штаттык режимде иштеп жатат.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, бүгүн, 22-майда саат 13:50дө милицияга аэропорттун электрондук почтасына "Бабах в 15.00" деген текст менен билдирүү келген.

Аталган факты милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жерине Чүй облустук жана Сокулук райондук ыкчам-тергөө тобу барып, аэропорттун аймагы курчоого алынып, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүшүп, аталган маалымат тастыкталган эмес.

"Учуп кетүү жана учуп келүү боюнча каттамдар кармалган жок, азыркы учурда аэропортту курчоо алынып, штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий