• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда аэропорттордун ачылышы жаш кадрларды иш менен камсыздоого өбөлгө түзөт - серепчи

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда аэропорттордун ачылышы жаш кадрларды иш орундары менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине транспорт тармагы боюнча серепчи Талант Садакбаев билдирди.

Анын айтымында, Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту жылына ондогон бүтүрүүчүлөрдү чыгарат. Буга байланыштуу аба майдандар болочоктогу жаш кадрлардын тажрыйба топтоосуна жана андан ары иш таап кетүүсүнө жол ачат.

“Мына азыр өлкөдөгү аэропорттордун учуп-конуу тилкелери кеңейтилип, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү кабыл алуу залдары оңдолуп жатат. Аэропорттогу кызматкерлердин иштери четинен автоматташтырылууда. "Талас" аэропортуна улай эле “Нарын”, “Казарман”, “Кербен” “Каракол” аба майдандары ачылганы жатат. Азыр жаңы учактар чыгып, заманбап технологиялар күндөн күнгө өзгөрүүдө. Мындан улам бул аэропорттордо болочоктогу жаш учкучтардан жана техникалык адистерден тарта практика жүзундө окутуулардан өтүүсү керек. Бул багытка өзгөчө көңүл буруу кажет деп эсептейм. Ошондой эле окутуучулардын да билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү”, - деди серепчи.

Пикир

Оставить комментарий