• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аэропорттон жүктү таңгактоо керекпи? "Манас" аба майданы кеңеш берет

Коом 0

Бишкек, 08.07.23. /Кабар/. Көп учурда аэропорттон чемоданы же жүгү таңгакталган жүргүнчүлөрдү көрүүгө болот. Ал эмне үчүн керектиги тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы түшүндүрүп берди.

Артыкчылыктары:

• чемодандын бетин чийилүүдөн, сүрүлүүдөн жана суюк нерселердин агып кетүүсүнөн сактоо;

• чемодан тыкан жана жарашыктуу көрүнөт;

• таңгакталган чемоданды/сумканы тез жана байкалбастан ачуу мүмкүн эмес. Бул, өзгөчө, сырткы чөнтөккө салынган буюмдарды уурдап кетүү коркунучун азайтууга жардам берет;

• рейстин номери, ээсинин фамилиясы жазылган бирка таңгакталган пленкага жакшы чапталат, жана ал жүктүн жоголбошуна жардам берет;

• таңгакталган чемодан кулаган учурда, ачылып кетпейт, ичиндеги буюмдар сынбайт. Ал эми кездемеден тигилген чемодандардын кездемеси жыртылбайт.

Кайсы учурда таңгактабаса болот?

Жүргүнчү аэропорттун кирүү көзөмөлүнөн өтө элек болсо, аэропорттун кызматкерлери жүктүн ичинен шектүү нерсени көрсө, анын ичиндегилерди көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай кырдаалда жүргүнчү пленка оролгон болсо дагы, жүктү ачып, көрсөтүүгө милдеттүү. Бул кайра таңгактоо үчүн ашыкча чыгымдарга алып келет, ошондой эле өзүңүздүн жана контролдук аймактын кызматкерлеринин убактысын кечиктиресиз. Эгер үйдөн чемоданды таңгактап чыгам деп чечсеңиз, анда алдын ала тыюу салынган же өзүңүзгө керектүү буюмдарды алып салыңыз.

Эгерде чемоданды/жүктү пленка менен орогуңуз келбесе, аны коргоо үчүн алдын ала атайын кап (чехол) сатып алсаңыз болот. Чемодандын кабы чемодандын бийиктигине дал келиши керек. Ал жүктү терең чийилүүдөн коргойт жана учуудан кийин аны жүктү тосуп алуу жеринен тез табууга жардам берет.

"Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда жүктөрдү таңгактоо пункттары жайгашкан.

Жүктү алмаштырып алуу же жоготуу коркунучун азайтуу үчүн төмөнкүлөр кадамдарды аткаруу керек:

- учуу алдында мурунку штрих-коду бар тегдердин баарын чечип салуу керек;

- пленка менен ороп жатканда чемоданды тегеректеп, ороо сунушталбайт. Анткени жүктү сорттоо сызыктарынан тайып кетүү коркунучу бар.

- чемодандын же сумканын айырмалоочу белгилерин эстеп калуу сунушталат. Тааный турган элементти чаптап койсоңуз болот (лента, стикер ж.б.)

Пикир

Оставить комментарий