• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ИИМде Улуу Британияда иштеген кыргызстандыктардын коопсуздугу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 08.07.23. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Улуу Британиянын Миграция боюнча консультативдик комитетинин өкүлдөрү менен мезгилдик жумуштарда иштеген кыргызстандын коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулады.

ИИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү КМШ мамлекеттеринин аймактарында иштеп келет, ал эми акыркы жылдары Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Улуу Британияда да мигранттардын саны жогорулашы байкалууда.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары КР Ички иштер министрлиги конструктивдүү диалогго жана кызматташууну мындан ары чыңдоого дайым даяр экендигин айтты.

Белгилей кетсек, аталган комитет Улуу Британиянын Өкмөтүнө миграция маселелери боюнча кеңеш берүүчү көз карандысыз орган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий