• 87.86
  • 93.94
  • 1

Салыкчылар Ошто акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны аныктады

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Ош облусунда акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 949 даана алкоголдук продукция аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.

Тактап айтканда, рейддик салык контролунун жүрүшүндө Куршаб айылындагы "Жаңы-Арык" ички салык постунда "Тойота" үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 080 даана алкоголдук продукция табылган.

Мындан тышкары, посттун кызматкерлери башка "Тойота" үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда акциздик маркалары жок 720 даана арак продукциясын табышкан.

Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында шектүү акциздик маркалары менен 149 даана алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталган.

Транспорт каражаттары жана алынган алкоголдук ичимдиктер боюнча материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий