• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто медициналык клиника жетекчилеринин, адистердин билим сапатына баалоо жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында шаар тургундарынын ден соолугун чыңдоо боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Күн тартибинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө календарынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Закиров, саламаттыкты сактоонун шаардагы координатору Ш.Абдурахманов, Ош шаардык ҮМБнын директору Э.Нурунбетов, санэпид өкүлү М.Өмүрзаковдор жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Бир катар жарандар диний көз караштарынан улам вакцина алуудан баш тартып жатканы айтылып, буга байланыштуу тиешелүү медициналык мекемелерге казыяттын жана МАБдардын өкүлдөрү менен жеринде иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

- Кыргыз Республикасынын “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу”, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иммунопрофилактика” программасынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бир катар буйруктарынын аткарылышы күчөтүлсүн;

- иммунопрофилактика боюнча адистерди окутуп, даярдоо сунушталсын;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн ҮМБнын филиалдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу;

- үй-бүлөлүк медицина борборунун иммунопрофилактика боюнча ведомстволор аралык (Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, жогорку жана орто окуу жайлары, муниципалдык аймактык башкармалыктары, Ош шаардык казыяты) иш-чаралардын планы иштелип чыгып, аткарууга алынсын;

- үй-бүлөлүк медицина борборунун жана анын филиалдарынын клиникалык жетекчилери тарабынан иммунопрофилактика боюнча көзөмөлгө алуу күчөтүлсүн жана мониторинг иштери жүргүзүлсүн;

- эмдөөнү өз учурунда албай калган мигрант балдардын, эмдөөдөн баш тарткан балдардын каттоосу токтоосуз түрдө көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн;

- шаар аймагында катталып жаткан кызамык, кызылча, көк жөтөл ооруларынын алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу максатында Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун № 4-1/3 санитардык көрсөтмөсүнүн аткарылышы камсыз кылынып, көзөмөлгө алынсын;

- үй-бүлөлүк медицина борборунда жана анын филиалдарында иммунопрофилактика боюнча семинардык сабактар өткөрүлүп, клиникалык жетекчилердин, адистердин билим сапатына баалоо жүргүзүлсүн;

- Мектептердеги кыздар арасында папилома вирусуна каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн;

- шаардык жана жеке төрөт үйлөрүндө эмдөө иштерине көзөмөлдү күчөтүү;

- МАБдар шаардык казыят менен биргеликте калк арасында эмдөө боюнча маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

Пикир

Оставить комментарий