• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкек милициясы чет өлкөлүк студенттерге ар тараптуу жардам көрсөттү

Коом 0


Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлери, кыргыз эстрада жаатынын өкүлдөрү менен биргеликте, жатаканада жашап жаткан чет өлкөлүк студенттерге ар тараптуу жардам көрсөтүштү.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар студенттерге тамак-аш, суусундук жана башка көптөгөн азык-түлүктүн түрүн тапшырышты.

Милиция кызматкерлери жана кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү чет өлкөлүк студенттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды күнүмдүк турмушуна кайтууга чакырышты. Тартип сакчылары, учурда шаарыбызда абалдын туруктуулугуна , ошону менен бирге алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок экендигине ишендиришти.

Соңунда студенттер ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий