• 87.86
  • 93.94
  • 1

Эрлан Шеров дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.

Дзюдо боюна дүйнөлүк федерациянын сайтында маалымдалгандай, Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн мелдешке 107 өлкөдөн 658 дзюдочу катышкан.

Кыргызстандан чемпионатка 5 спортчу катышкан.

Кыргызстандыктар Айбек уулу Кубанычбек (66 кг чейин), Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг чейин), Асад Масабиров (81 кг чейин) жана Адина Көчкөнбаева (63 кг чейин) мелдештин алгачкы этаптарында жеңилип калышкан.

Ал эми 90 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Эрлан Шеров 3 жолу жеңишке жетип, жарым финалга чыккан. Анда япониялык дзюдочу Гоки Тадзимага утулган.

Үчүнчү орун үчүн мелдеште Шеров италиялык Кристиан Парлати менен кез келип, аны Иппон менен жеңип, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий