• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар текшерилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн мэрдин орун басары Замир Юсупов менен Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулушту контролдоо башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматов тиешелүү коммуналдык тармактын жетекчилери биргеликте мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл жүргүзүштү.

Текшерүүдө алдын ала курулушка тийиштүү документтери алынбаган, уруксат кагаздары жок, сот жараяны жүрүп жаткан, курулушу токтоп турган имараттар текшерилди.

Мэриядан белгилешкендей, шаардын аймагында мыйзамсыз курулуштарга карата рейддик иш-аракеттер мындан ары дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий