• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ошто ири суммадагы жасалма доллар сатууга аракеттенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Ошто 9 миңден ашык жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ош шаарында бир жаран тааныштары менен бирге ири өлчөмдө жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Кызматкерлер тийиштүү ыкчам иш-чараларды өткөрүп, натыйжасы 9,3 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган 1992-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды.

Эксперттер жүздүк купюра менен болгон 93 даана АКШ доллары жасалма экенин аныкташты. Тиешелүү корутунду тергөө кызматына жөнөтүлүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жасалма акча менен кармалган 1992-жылы туулган А.Б. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий