• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолундагы кырсыктан айдоочу унаада кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 96-чакырым аралыгында (Тоң айылы) “ДАФ” чоң оор жүк ташуучу жана “Нива” унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен Нива унаасынын 45 жаштагы айдоочусу унаада кыпчылып калган.

Жеринде куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий