• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлердин имараттары калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 13.01.24. /Кабар/. Баткен облусунда чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлердин имараттары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, үстүбүздөгү жылдын 10-11-январь күндөрү министрликтин кызматкерлери 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек ара окуясында жабыркаган ишкерлерди колдоонун учурдагы абалы менен таанышуу максатында Баткен облусундагы Баткен жана Лейлек райондорун кыдырышкан.

Кызматкерлер кайрадан калыбына келтирилген ири социалдык объекттерди көрүп чыгышкан. Алардын арасында:

  • соода борборлору;
  • кичи базарлар;
  • азык-түлүк дүкөндөрү;
  • автотетиктерди саткан дүкөндөр бар.

Ведомство кызматкерлери ошондой эле мамлекеттен түздөн-түз жардам алган жергиликтүү жашоочулар жана ишкерлер менен да жолугуп, жакындан баарлашышкан.

Алардын айрымдарынын кыскача окуясын сунуштайбыз: Чек арадагы куралдуу кагылыштын жүрүшүндө Лейлек районундагы "Достук" базары талкаланган. Жергиликтүү калк соода-сатык кылган базар Кулунду айылында жайгашкан. Аталган жай 2023-жылга чейин толугу менен калыбына келтирилип, учурда өз ишин кадимкидей улантууда.

"Достук" базарында соода кылган Махбуба Эгембердиева, Закир Бахавидтинов сыяктуу бир топ ишкерлер министрликтин кызматкерлери менен болгон баарлашууда 300 миң сомдон акчалай кенемде алуу, ошондой эле 1 млн сомдон 5 млн сомго чейинки пайызсыз ссуда алууга көмөктөшүү тууралуу айтып беришкен.

Куралдуу кагылыштын кесепетинен жабыр тарткандардын арасында жергиликтүү ишкер Кыдырбек Айбалаев да бар. Анын Лейлек районунун Арка айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан чакан соода комплекси каргашалуу окуяда толугу менен талкаланган. Ага карабастан Айбалаев ишкердигин токтотпой, мамлекеттен 5 млн сом үстөксүз ссуда жана жана 300 миң сом ссуда алып, бир жыл ичинде соода комплексин толук калыбына келтирген. Ал тургай бизнесин кеңейткенге жетишти.

Соода комплексинде күнүмдүк жашоо-тиричиликке керектүү нерселердин баары сатылат. Анын үстүнө жайгашкан жери да ыңгайлуу. Жергиликтүүлөр ары-берип көп өтүп, соода солгундабай, тескерисинде жакшы болууда.

Кыдырбек Айбалаев жердештерине жардам иретинде товарларды базар баасынан арзан сатканга аракет кылат, мында биринчилерден болуп контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонула баштаган. Бир сөз менен айтканда, ишкердин иши алдыга жылып, кардарлардын купулуна толуп, алкышына арзууда.

Чек ара чырынан жабыр тарткан дагы бир ишкер Акматбек Шарапбаев. Анын унаа тетиктерин саткан дүкөнү талкаланып, иши токтоп калган. Учурда дүкөн калыбына келтирилип, иш өз нугунда жүрүүдө. Ишкер мамлекеттен 300 миң сом кенемте жана 5 млн сом пайызсыз ссуда алган.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы ишкерлерге өз убагында көрсөтүлгөн жардамдар жемишин берүүдө.

Интернациональное айылындагы “Достук” базары толугу менен калыбына келтирилип, ишкерлер соода кылууда. Ушул эле райондун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылында ишкерлер тарабынан имараттарды оңдоо иштери аяктады. Баткен шаарында жабыркаган ишкерлердин шарты калыбына келтирилди. Баткен районундагы социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар максаттуу жумшалууда.


Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандардын жашоосу жана уюшкандыгы үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы ишке ашырылган.

Жарлыктын негизинде Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Жогоруда аталган жарлыктын алкагында КР Экономика жана коммерция министрлигинин компетенциясына кирген мамлекеттик комиссиянын чечимдери менен бир катар нормативдик укуктук актылар демилгеленген.

Ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди". Буйруктун негизинде жабыр тарткан ар бир ишкерге 300 миң сомдон бир жолку кенемте төлөп берүү каралган.

Мамлекеттик комиссиянын чечими менен жалпысынан 208 ишкер бекитилди. Чечимге ылайык, ишкерлердин бардыгына 300 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлүп, ошондой эле кенемте катары 63 млн сом төлөнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий