• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бобур Усманов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын 15-16-августунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын канааттануу менен белгилешти жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жогорку деңгээлде пландаштырылган бир катар иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн күч-аракеттерди жумшоону макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий