• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээсин салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. "Ош" эл аралык аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси Жантөрө Мирзалиев салтанаттуу тосуп алышты.

Мэриядан билдиришкендей, ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана жакындары катышып, күмүш медал ээсин куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, бир күн мурун Жантөрө Мирзалиев Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн 60 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген. Спортчу Украина, АКШ жана Казакстан өлкөлөрүнөн катышкан атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште ирандык спортчуга жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий