• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-июлунда элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Айрыкча ушул жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун төрагалыгы астында өтүүчү соода жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүүгө көңүл бурушту.

Ошол эле учурда тараптар жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн ишкерлеринин B2B жемиштүү жолугушууларына көңүл буруп, жыйындын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумун натыйжалуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий