• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мадмаров Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. Кечээ, 7-ноябрда Эр-Рияд шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуу биринчи Кыргыз-Сауд Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелердин алкагында өттү.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча кадамдарды талкуулашты.

Аль-Хурейжи кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн өткөрүлүп жаткан Биринчи саясий кеңешмелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы иштер органдарынын жетекчилеринин быйылкы жылдагы өз ара расмий сапарларын эске алуу менен тараптар жакын арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга расмий сапарын уюштуруу боюнча күч-аракеттерди багыттоону макулдашышты.

Тараптар ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешип, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууга басым жасашты.

Жолугушуунун соңунда Мадмаров саудиялык кесиптешин Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий