• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө маектештер кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Казакстандын аймагы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүшү, Кыргызстандын жарандарынын кыргыз-казак чек арасынан өтүүсүн жеңилдетүү, маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Казакстанстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Кыргызстанга боло турган расмий иш сапарын даярдоосуна өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий