• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга Австралиядан 2,5 миң долларлык 102 баш кой алып келинди

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Кыргызстанга Австралиядан “Дорпер” асыл тукум чарбасына ар бири 2,5 миң доллар болгон 102 баш кой алып келинди. Бул тууралуу Айыл, токой чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Кечээ, 19-майда айыл, токой жана суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка айылында жайгашкан “Дорпер” асыл тукум кой өстүрүү чарбасы менен жеринен таанышты. “Дорпер” асыл тукум чарбасы бодо малды асылдандыруу жана бордоп семиртүү менен алектенсе, эми койдун ушул тукумун көбөйтүү үчүн адистештирилген чарба толугу менен кайра даярдалды.

Кемин районуна жеке фермерлер аркылуу Австралиядан учак менен ар бири 2 500 доллар болгон 102 баш кой алынып келинди. Келечекте дагы 1 миң баш кой алып келүү пландаштырылууда. Койлор сырттан келгендиктен 30 күнгө карантинге киргизилди. Бир ай бою көзөмөлдө болот.

“Дорпер” породасы Африка менен Англиянын койлорунун аргындаштыруусунан келип чыккан.

Бул койдун этин май каптап, семирбейт. Эти “Абердин-ангусс” породасындагы букалардын этине окшош. Атайын жем-чөп тандабайт. Бир жылда 2 жолу, анан дагы көбү эгиздеп төлдөйт. Тирүү салмагы 140 килограммга чейин барат. “Дорпер” породасы дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары болуп саналат жана бул койдун териси Cape Glovers деген ат менен сатылат.

Пикир

Оставить комментарий