• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

31-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.10.22./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 31-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +8...+13, Нарында +5...+10, Бишкек шаарында +12...+14, Ош шаарында +14...+16 градус болушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий