• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата митинг-реквием өттү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлери, Бишкек гарнизонунун жоокерлери, жаштар, мектеп окуучулары, өсүп келе жаткан муундар, коомчулуктун өкүлдөрү жана борбор калаанын коноктору.

Митинг-реквием Өчпөс отко гүлчамбар коюу, бир мүнөт унчукпай туруу жана Кыргыз Республикасынын гимнин ырдоо менен башталып, анда Жогорку Кеңешинин төрагасы жана мамлекеттик катчы сөз сүйлөштү.

Иш-чара Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Андан кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле "Солдат боткосу" көргөзмөсү уюштурулуп, мэриянын маданият бөлүмү тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий